"Эркин-Тоо"

Ош шаарына заманбап клиника курулат

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаардык клиникалык ооруканасынын мурдагы имаратынын ордуна Ош мамлекеттик университетинин жаңы медициналык клиникасынын жана Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин 5 кабаттуу жаңы окуу корпусунун курулуш иштери менен жеринен таанышты.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, планга ылайык, эски шаардык клиниканын ордунда курулуп жаткан 7 кабаттуу заманбап клиника бардык керектүү жабдыктар менен жабдылат. Анда эл аралык үлгүлөрүнө жооп берген медициналык кызматкерлер иш алып барат. 174 орундуу имараттын жалпы курулуш аянты 20 миң чарчы метрди түзөт. Медициналык мекеменин курулушу үч жылга мерчемделип, жумуштарды университет өз алдынча жүргүзөт. Жакынкы аралыкта долбоордук документтер даярдалып бүткөндөн кийин курулуш иштери башталат. Калаа башчысы андан ары Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин аяктоо алдында турган, 5 кабаттуу жаңы окуу корпусунун курулуш иштерин көрдү.

Жаңы окуу корпусу заманбап стилде курулуп, анда студенттер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Анын ичинде окуу, жыйындар бөлмөлөрү, китепкана, ашкана жана эс алуу жайлары болот. Имараттын жалпы аянты 756 чарчы метрди түзөт. Болжолго ылайык, имарат 2023-2024-окуу жылында ачылат.

Бакытбек Жетигенов, аталган имараттар Ош шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү жана шаардыктарга кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жолунда маанилүү экенин белгиледи.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!