"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Ош шаарында 700 орундуу мектеп-интернаты курулууда

Ош шаарында Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернатынын жаңы имараттары 2025-2026-окуу жылына карата толугу менен пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аталган обьектиге болгон иш сапары учурунда билдирди.

Мектеп-интернаттын жаңы курулушу мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык жана Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлү астында башталган. Учурда курулуш иштери активдүү жүрүп жатат. Ташиев август айына чейин бардык жумуштарды аяктап, объектти мектеп жетекчилигине өткөрүп берүүнү куруучуларга тапшырды.

Ал ошондой эле Ош шаардык билим берүү бөлүмү жана шаардык мэрия интернаттын жетекчилиги менен биргеликте имараттарды ички жасалгалоо иштерин жогорку сапатта бүтүрүшү керектигин белгиледи. Мындан сырткары, окуучуларга бирдиктүү мектеп формасы, жеткиликтүү транспорт каражаттары жана атайын сабактар үчүн керектүү жабдуулар камсыздалышы керектиги тийиштүү мекемелерге милдеттендирилди.

Мектеп-интернатта жалпысына 700 орундуу окуу корпусу, 500 орундуу жатакана каралган. Ошондой эле окуу комплексинде спорт залы, спорт аянтчалары, санитардык бөлүм, эс алуу багы да курулат.