Ош шаарында Алишер Навои көчөсү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, бүгүн, расмий түрдө пайдаланууга берилди. Жолдун ачылыш аземине шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана жергиликтүү тургундар катышты.
Реконструкциядан кийин бул көчө 6 тилкелүү болуп кеңейди. Анын узундугу 2,6 чакырымды, ал эми кеңдиги 26 метрди түзөт.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, жакынкы аралыкта жолдун эки тарабында тротуарлар, жаңыланган лотоктор жана түнкү жарыктандыруу системасы орнотулат.
Ишке берилген бул объект Ош шаарындагы транспорт агымын жөнгө салып, жөө жүрүүчүлөр үчүн да коопсуз шарттарды түзөт деп күтүлүүдө.

