"Эркин-Тоо"

Ош шаарында Ак-Буура милиция бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

Ош шаарында Ак-Буура милиция бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.

Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев, Ош ШИИБдин башчысы Дамирбек Исаков, милициянын ардагерлери жана кызматкерлери катышты.

Имараттын курулушу 2023-жылдын күзүндө башталып, 1,5 жыл ичинде толугу менен аяктады. Жаңы имарат заманбап талаптарга ылайык жабдылып, видеобайкоо системалары, кеңсе техникалары жана кызматкерлер үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Буга чейин бөлүмдүн кызматкерлери авариялык абалдагы эски имаратта иштеп келишкен.