2024-жылы Ош шаарына муниципалдык асфальт-бетон заводун жана атайын таш майдалоочу заводду куруу пландалууда.
18-ноябрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Озгур айылында курула турган заводдун ордун жеринен көрүп чыгып, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине даярдык иштерин жүргүзүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, Ош шаарында 2023-жылдын августуна чейин курулуш материалдарын (карьерлерди) казып алуу үчүн жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысы жылына 1 гектарга 500 сом болгон болсо, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында 2023-жылдын август айынан баштап бул категориядагы жерлердин ижара акысы 1 га үчүн 300 миң сомго чейин көбөйтүлдү.