Ош шаарынын борбордук аянтында 21-март күнү «Нооруз-2021» элдик майрамы жогорку деңгээлде белгиленди. Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардагы дипломаттык корпустардын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаар тургундары жана коноктору катышты. -«Нооруз аруулуктун, тазалыктын майрамы. Элдер жыл тогошоор маалды чыдамсыздык менен күтүп, молчулуктун жана токчулуктун жылы болсун деген ниетте майрамдашып келген. Өткөн жыл кыргызстандыктар үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө эпидеомологиялык кырдаал оор болду. Кыйын кырдаалда бир муштумга биригип, бири -бирибизге жардам берип, ынтымак менен жеңип чыктык. Жардам берген ар бир жаранга терең ыраазычылык билдирем. Ар бир үйдө майрам, той-тамаша гана болсун деп тилейм. Түшүмүбүз мол болуп, ар бир үйгө жакшылыктарды каалайм «,-деди Т.Сарыбашов. Борбордук аянттагы майрамдык иш-чара Ош шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгы тарабынан уюштурулган концерттик программа менен уланып, театрлаштырылган көрүнүштөр менен коштолду.
Р. Исмаилова