"Эркин-Тоо"

Ош шаарында жаңы санитардык полигон курулат

Ошто жаңы санитардык полигон пайда болот. Бул тууралуу бүгүн сессиянын жүрүшүндө Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев билдирди. Учурдагы полигондун жанына жаңы санитардык полигон курулат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы полигондун пландалган аянты 24 гектарды түзөт.

“Биз 5 жылдан бери башка жактан, шаардын четинен жер издеп жүргөнбүз. Бирок таппай, азыркы жердин жанына куруу чечими кабыл алынды. Иш-чаралар ЕРӨБ долбоорунун алкагында жүргүзүлөт. Учурда даярдык иштери жүрүп жатат. Бирок, азыр иштеп жаткан полигонду рекультивациялоону европалык стандартка ылайык жүргүзүү зарыл, андан кийин ал жабылат. Андан ары алдын ала долбоор даярдалгандан кийин европалык стандартка ылайык жаңы санитардык полигонду куруу иштери башталат”, — деди Жунусбаев.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!