"Эркин-Тоо"

Ош шаарындагы автобекет мэриянын карамагына өттү

Ош шаарындагы автобекет мэриянын карамагына өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэр Бакытбек Жетигенов мэриянын карамагына өткөрүлгөн Ош автобекетинин абалын көрүп чыгып, жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл буруу менен автобекетти капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча долбоорду даярдоо тапшырмасын берди.

Автобекет КР Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык муниципалитеттин карамагына өттү. Имарат буга чейин КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагында болгон.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!