Бүгүн, 21- январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев Барсбек кагандын эстелиги тыгынды чечүү үчүн жылдырыларын билдирди. Ал тыгын калаанын эң башкы көйгөйү экенин белгиледи.
«Ош шаарындагы Барсбектин эстелиги жылдырылат. Себеби «Күндө 150 миң унаа каттамга чыгат. Андан сырткары райондордон 20 миң унаа кирип турат. Жалпысынан бир күндө 170 миң унаа кыймылда болот. Мына тыгынды чечүү үчүн борбордук базарды дагы шаардын батыш тарабына чыгарып жатабыз»,-деди Жунусбаев