"Эркин-Тоо"
Аймак Коом

Ош шаарынын мэри үч эмдин ата-энесине батир белек кылды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев үч эмдин ата-энесине 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Батир Ак-Буура милиция бөлүмчөсүндө иштеген Мырзабек Тороевдин үй-бүлөсүнө ыйгарылды. Мэрдин буга чейин дагы үч эмге батир бергендигин угуп, кайрылышкан. Анын негизинде бүгүн, 25-июнь күнү, жаңы үйдүн ачкычы тапшырылды.

Үй-бүлөнүн бир кызы жана үч уулу бар. Үч эмдин ысымдары – Амантай, Эсентай жана Эртай. Учурда алар 1 жаш 2 айлык.