"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Ош шаарынын мэри айдоо талаасына үрөн септи

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Озгур айылында күзгү үрөн себүү иштерин баштап берди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Ош шаарынын мэриясына караштуу Кызыл-Кыштак аймактык башкармалыгынын үлүш жерлерине күздүк буудайдын үрөнү себилди. Учурда 100 гектар аянтка үрөн себүү иштери жүрүп жатат. Жыл аягына чейин дагы кошумча 100 гектар жерге үрөн себилип, жалпысы 200 гектар айдоо жер толугу менен камтылары күтүлүүдө.
Мэриянын берген маалыматында буудай себүү иштери шаар тургундарынын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзүлүп жаткандыгы жана келечекте жердин аянты кеңейтилери айтылды.