Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти. Маалыматта түштүк калааны эми Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаты жетектей турганы айтылды. Ал эми буга чейинки мэр Бакытбек Жетигенов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп жаткан Уланбек Далиевдин ордуна барды. Өз кезегинде Далиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ордунан бошотулганы кабарланып, бирок кайсы кызматка барары такталган жок.