"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Ош: Жаңы 120 атайын техника берилди

Ош шаардык муниципалитети 120 жаңы атайын техниканы кабыл алды. Тапшыруу аземи 11-августта өтүп, ага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Жаңы техникалар шаар көчөлөрүн жууп-тазалоо, шыпыруу, кышкысын кар күрөө жана туз себүү, жолго асфальт төшөө иштеринде пайдаланылат. Алардын катарында автокөтөргүчтөр, крандар, HOWO жана SHAHMAN оор жүк ташуучу унаалары, асфальт төшөөчү техникалар бар.

Техникалар Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен мамлекеттик турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 500 млн сомго сатылып алынды.