Кыргыз милициясынын 101 жылдыгына карата Ош облустук ички иштер башкармалыгына жаңы кызматтык унаалар тапшырылды.
JAC жана 10 даана Changan X5 үлгүсүндөгү жаңы кызматтык унаалар Президенттин белеги катары расмий түрдө тапшырылды. Кызматтык унаалар ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана жарандардын коопсуздугун камсыздоодо натыйжалуулукту арттырууга багытталган. Алар Ош облусунун райондорундагы бөлүмдөргө жана Милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө батальонуна бөлүнүп берилди.

