“Кыргызкөмүр” ишканасы Кыргызстандын түштүк аймактарында кара отунду сата турган 8 кошумча база ачуу пландалып жаткандыгын билдирди. Тактап айтканда кампалар Ош облусунун Кара-Кулжа, Араван, Алай, Ноокат жана Өзгөн райондорунда, ал эми Баткен облусунун Раззаков жана Кызыл-Кыя шаарларында, ошондой эле Баткен районунда иштеп баштайт.