"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Ош – Өзгөн – Манас унаа жолу 4 – 6 тилкеге кеңейтилет.

Ош – Өзгөн – Манас унаа жолу 4 – 6 тилкеге кеңейтилерин Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев 2026-жылы аймакта аткарылчу ири жол долбоорлору боюнча маалымат берип жатып билдирди.

Маалыматка ылайык, келе жаткан 2026-жылы Ош – Бишкек унаа жолунун 100 чакырым аралыгы оңдолот. Тактап айтканда, Оштон Манас шаарына чейинки бөлүгү 4 – 6 тилкелүү болуп курулуп, Куршаб базарын айланып өткөн жаңы айланма жол салынат.