Бүгүн Ош шаарындагы №8 үй-бүлөлүк медицина борборунда “Эл аман” аталышындагы үч мамлекеттик дарыкана ачылды.
Дарыканада 800дөн ашык аталыштагы дары-дармектертин түрү бар. Шаар тургундары дарыларды жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып ала алат.
Мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты — калкты жеткиликтүү дары-дармек менен камсыз кылуу жана баа саясатын туруктуу кармоо болуп саналат.
Белгилей кетсек, Бишкекте дагы мамлекеттик дарыкана ачылган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 10-ноябрга чейин мындай дарыканалар республика боюнча жер-жерлерде ачылат.