"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Ошто ӨКМдин куткаруучулары үчүн 2 кабаттуу жатакана курулууда

Ош шаарында Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен ӨКМге караштуу өзүнчө куткаруу отрядынын жоокерлери үчүн жаңы эки кабаттуу жатакана курулууда.

Жаңы имаратта окуу класстары, жуунучу жай жана уктоочу бөлмөлөр орун алат.

Мындан сырткары аталган отрядда тосмолорду, азык-түлүк кампасын, текшерүү өткөрмө жайларын жаңылоо, имараттардын чатырын жана сыртын оңдоп түзөө иштери жүрүп жатат. Жоокерлердин ден соолугун чыңдоо максатында отряддын аймагына көп кырдуу спорт аянтчасын куруу каралган.