Ош шаарында үч эмдүү үй-бүлө жаңы батирге ээ болду. Шаардык мэриянын маалыматына караганда, жети балалуу баатыр эне Элмира Сулайманкуловага үч бөлмөлүү батир берилди.
Эскерте кетсек, Эдельвейс дачасына асфальт төшөлүп, жолдун ачылышында Элмира Сулайманкулова шаар башчысы Жеңишбек Токторбаевге жолугуп, үч эм — Асан, Үсөн, Батма жана мурда төрөлгөн эгиз балдары тууралуу айтып берген. Анын буга чейин эки жолу эгиз төрөп, андан соң үч эмдүү болгону маалым болгон.
Жолугушууда мэр үч эмге батир тартуулоого убада берген. Бүгүн мэрия убадасын аткарып, үй-бүлөгө үч бөлмөлүү батирдин сертификатын тапшырды. Шаар жетекчилиги наристелердин келечегине кам көрүү маанилүү экенин белгиледи.

