"Эркин-Тоо"

Ошто өспүрүм жигит 8 унаа уурдоого шектелип жатат

Буга чейин Ош шаарында унаа айдап качкан шектүү кармалганы маалымдалган.

Милициянын маалыматына караганда, унаа инспекторлор Сааданбек Таалайбек уулу менен Жанар Мырзакаримов тарабынан тосулган. Бирок айдоочу унааны токтотпой кетип калган. Жол тескөөчүлөр артынан кууп кармаган учурда айдоочу — Жалал-Абад шаарынын 2006-жылы туулган тургуну А.С. унааны Ош шаарынын Урицкая, 126 дарегинде токтоп турган жеринен айдап чыкканын айтып, уурдалып бара жатканы аныкталган. Айдоочунун жанынан автоунааны жүргүзүүчү ачкыч, отвертка алынган. Унаа айып короого токтотулуп, иш Ош ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Унаанын ээсинин телефон номуру унаанын ичинде болгону үчүн жол тескөөчүлөр байланышка чыгышкан. Ал унаасы уурдалганын милиция кызматкерлеринен уккан. Жол тескөөчүлөргө «Унаам үйдө» деп жооп бергенден кийин сыртка чыгып, унаасын таппай калган.

«Унаа уурдоого шектелген жаш өспүрүм дагы бир унааны Жалал-Абадга алып барып койгонун айткан. Шектүү дагы бир нече унааны уурдоого тиешеси бар болушу мүмкүн», — деп айтылган маалыматта.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!