"Эркин-Тоо"
Аймак Аймактарда Жаңылыктар

Ошто 100 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулат

Быйыл Ош облусуна жалпысынан 100 850 даана акылдуу электр эсептегичтери орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.

Эсептегичтер төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • Араван районуна – 27 000 даана

  • Ош шаарына – 27 850 даана

  • Өзгөн районуна – 46 000 даана

2024-жылы Ош шаарынын Батыш аймагындагы жер үйлөр толугу менен акылдуу эсептегичтер менен камсыздалган. Быйыл Чыгыш аймактагы жер үйлөргө толук орнотулуп бүтөт. Ага Араван жана Өзгөн райондорундагы турак үйлөр толук камтылат.