Ош шаарынын Тилеке Баатыр көчөсүндөгү №6 даректе жайгашкан 12 кабаттуу, 110 батирлүү турак үйдүн ачкычтары тапшырылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы кабарлады.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, шаардагы мекеме-ишкана жетекчилери жана жаңы конуштан батир алган тургундар катышты.
Мэр Жеңишбек Токторбаев тургундарды жаңы батирлери менен куттуктап, учурда муниципалдык ипотека программасынын алкагында Ош шаарында 17 көп кабаттуу үй курулуп жаткандыгын билдирди. Бул үйлөрдүн бүткөрүлүшү менен үч миңден ашуун үй-бүлө турак жайлуу болот.