"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Ошто 2 кабаттуу бала бакча салынды

Кара-Кулжа районунун Биймырза айылындагы «Парчабу Эне» атындагы бала бакчанын курулушу толук аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Жаңы бала бакча учурда бөбөктөрдү кабыл алып, ишин баштады.

Белгилей кетсек, бала бакча 120 орунга ылайыкталып, эки кабаттуу болуп салынды.