Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кашка-Терек айылында №56 Капар Кулманов атындагы орто мектебинин ачылыш аземи болду. Аземге КР ЖК Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, эл өкүлдөрү, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талант Иманакун уулу жана жергиликтүү эл катышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Мектептин жалпы аянты 1780 чарчы метрди түзүп, 225 окуучуга ылайыкталган. Окуу комплексинин ичинде жөнөкөй класстардан тышкары заманбап компьютердик класс, лаборатория, балдар үчүн металл иштетүүчү устакана, кыздар үчүн кийим тигүүчү устакана, ашкана жана башкалар орун алган.
Бегилей кетсек, мектептин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.