Ошто 3 наристе коронавирус менен ооруканага жаткырылды

Ош шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасына  коронавирус менен ооруган 3 наристе жаткырылды.  Бул тууралуу Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар боюнча стационарынын башкы дарыгери Бакай Акматов маалымат булактарына билдирди.

Дарыгердин маалыматына ылайык, наристелердин абалы орто оор. ПЧР-тест аркылуу алар СOVID-19 илдетине чалдыкканы аныкталган.

«Коронавирус жуккан  2,5 жаштагысы бар, эки жашка чейинки балдар да бар. Алардын абалы өтө оор эмес, орто оорго жакын», — деди Акматов

 

Вставка изображения в HTML код страницы

Альтернативный текст