"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Ошто 5 миңден ашык бала 1-класска барды

Бүгүн, 1-сентябрда Ош шаарындагы мектептерде салтанаттуу линейкалар өтүп, жаңы окуу жылы башталды.

Мэр Жеңишбек Токторбаев А. Навои атындагы мектептеги иш-чарага катышып, мугалимдерди жана окуучуларды майрам менен куттуктады. Ал педагогдордун түйшүктүү эмгегине ийгилик каалап, ата-энелерди балдардын билим алуусунда мугалимдер менен тыгыз кызматташууга чакырды.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл Ош шаарында 5 миңден ашык бала 1-класска, 8 миңге жакыны 2-класска барды. Жалпысынан калаадагы 70 мамлекеттик жана 52 жеке мектепте 110 миңден ашык окуучу билим алууда.

Белгилей кетсек, 2025-2026-окуу жылы Кыргызстандагы бардык мектептерде “Алтын казык” программасы менен башталды.