"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Ошто 625 орундуу жаңы мектеп ачылды

Ош шаарында 625 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, №47 мектептин жамааты жана шаар тургундары катышты.

Жаңы билим берүү мекемеси “Жибек жолу” муниципалдык аймактык башкармалыгынын Айни көчөсүндө курулуп, буга чейин бала бакчанын имаратында жайгашып келген №47 мектеп бул жерге көчүрүлдү.

Мектеп заманбап талаптарга ылайык керектүү жабдуулар менен камсыздалып, окуучулардын билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Аймакта суу кампасы жана өзүнчө жылуулук берүүчү откана да курулган.

Мындан тышкары, мектепке Президент Садыр Жапаровдун атынан эки интерактивдүү доска тапшырылды.