Президент Садыр Жапаров 5-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында мамлекеттик тууну көтөрүү аземине катышты. Бул иш-чара шаардыктардын жана коноктордун катышуусунда, Ош шаарынын 3025 жылдыгына арналды.
Жаңы туу мамысынын бийиктиги 95 метрди түзүп, ага 30 метр узундуктагы жана 18 метр тууралыктагы мамлекеттик туу илинди.
Ош шаардык мэриясы билдиргендей, туу мамысы Түркияда жасалган.