Ош шаарындагы балдардын “Келечек” чыгармачылык борборунун имаратынын артындагы бош жерге ачык амфитеатр курулуп, пайдаланууга берилди.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев борбордун имараты буга чейин капиталдык оңдоодон өткөрүлгөнүн айтып, бул ирет ачык сахна курулганын белгиледи. Ошондой эле ал борборго балдар үчүн кичи автобус белекке берди.