Ош облусунда өткөн коллегиялык жыйында аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы жыйынтыктары каралды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдиргендей, жыйын учурунда бир катар жетекчилердин ишмердүүлүгү талданып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Атап айтканда, Ноокат районунун акими Эмил Чакибаевдин иши өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү азайгандыгына байланыштуу жетишсиз деп табылды. Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары Арген Дүйшеевге инвестициялык карта жана стратегиялык пландын жоктугу үчүн эскертүү берилди. Ал эми Араван районунун биринчи орун басары Айбек Ахматов мамлекеттик тапшырмаларды аткарууда олуттуу кемчиликтерге жол бергендиги үчүн катуу сөгүш алды.
Билим берүү тармагындагы жетишпестиктер да сынга алынып, Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунун акимдеринин социалдык маселелер боюнча орун басарлары өз милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы белгиленди.
Мындан тышкары, алты айыл өкмөт башчысынын жана бир шаар мэринин орун басарынын иши канааттандырарлык эмес деп бааланды.
Ошондой эле Кара-Суу, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине карата эскертүү берүү сунушталды. Район жетекчилерине бул багытта көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.

