"Эркин-Тоо"

Ошто атасын өлтүрүп, качууга аракет кылган жаран кармалды

Ош шаарында адам өлтүрүүгө шектүү 1982-жылы туулган Х.А. кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү 14-август күнү үйүндө атасы А.Х. менен чырдаша кетип, бычак менен атасын көкүрөк тушуна жана колдоруна бир нече жолу сайып жиберген. Алган жараттарынан улам атасы 68 жаштагы А.Хамидов өз үйүндө каза болгон.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнү өзүнө таандык документтерин алып, таксиге отуруп, окуя болгон жерден кетүүгө аракет жасап жаткан учурда кармаган.

Учурда аталган факты боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!