"Эркин-Тоо"

Ошто ажатканадан 7 айлык ымыркайдын сөөгүн чыгарышты

Ошто куткаруучулар ажатканадан 7 айлык ымыркайдын сөөгүн чыгарышкан.

ӨКМдин маалыматына караганда, 21 жаштагы Амир-Тимур кичирайонунун жашоочусу ажатканага барган учурда мөөнөтүнөн мурда 7 айлык баласы төрөлүп, ажаткананын ичине түшүп кеткен.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, наристенин сөөгүн алып чыгып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.