"Эркин-Тоо"

Ошто «Бий искусствосу-2023» фестивалы башталды

16-августа Ош шаарындагы Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театрынын алдында «Бий искусствосу-2023” эл аралык бий фестивалы башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, фестивалдын ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов катышты.

Иш-чаранын алкагында бийчилердин жөө жүрүшү болуп, республиканын бардык аймактарынан жана чет өлкөдөн келген кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси өттү.

Белгилей кетсек бий фестивалына Индия, Өзбекстан, Казакстан, Россия жана Кыргызстандын таланттары катышууда. Иш-чара 19-августка чейин уланат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!