Ошто бир күндө 10 жаңы сквер ачылды
Буга чейин кароосуз калган аймактар толугу менен жаңыланып, жашылдандырылып, заманбап эс алуу жайларына айланды.
Скверлерде жөө адамдар үчүн жолдор салынып, жарыктандыруу тутумдары орнотулуп, отургучтар жана таштанды челектери коюлду. Айрым көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддары да оңдолуп, сырдалды. Жалпысынан жаңы түзүлгөн жашыл аймактардын аянты 2,57 гектарды түзөт.
Шаар бийлигинин маалыматына караганда, бул долбоорлор шаарды көрктөндүрүүгө, экологиялык абалды жакшыртууга жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жашылдандыруу иштери мындан ары да уланарын билдирип, жакынкы убакта дагы 10 жаңы сквер куруу пландалып жатканын айтты.
