"Эркин-Тоо"

Ошто дарыгерлерди сабады делген киши кармалды

34 жаштагы Б.К.А. бүгүн кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ош  шаардык милициясы ал ИИМдин Ички аскерлеринде мурда кызмат өтөп кеткенин тактады. Ал эми качантан бери иштебей калганы жана башка чоо-жайы тууралуу кийиинчерээк маалымат берүүнү убадалады.

Буга чейин оорукананын жетекчилиги милиционер 4 дарыгер менен 2 бейтапты урганын айткан. Коомчулукту кыжырданткан окуя 31-январда болгон.

Пример HTML-страницы