Ош шаарында 27-августтан тартып муниципалдык эко-такси кызматы сыноо режиминде иштей баштады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Жаңы кызматтын алкагында алгачкы бир жума ичинде шаар тургундары такси кызматынан акысыз пайдалана алышат. Азырынча VIP класстагы 2, “комфорт” класстагы 2 жана 1 “эконом” унаа каттап жатат. Ал эми жакынкы күндөрү автоунаалардын саны күн сайын көбөйүп, жума аягына чейин 50гө жетет деп күтүлүүдө.
Мэрия маалымдагандай, 25-августта Жалал-Абад облусунун тургуну тарабынан Ош шаардык муниципалитетине 10 автоунаа белекке берилген. Ошондой эле шаар мэри Жеңишбек Токторбаев мэрия дагы электромобилдерди сатып алып жатканын белгиледи.
«Бул таксилер экологиялык жактан таза, шаарда жүрүүгө ыңгайлуу жана сапаттуу болот. Мындан ары өзүбүздүн такси кызматы менен шаардыктарга кызмат көрсөтөбүз», — деп билдирди мэр Жеңишбек Токторбаев.
Жаңы экологиялык таза такси кызматы шаар ичиндеги транспорт системасын жакшыртуу жана жарандарга жеткиликтүү, ыңгайлуу кызмат көрсөтүү максатын көздөйт.

