Ошто эски борбордук базардын ордуна заманбап эс алуу багы курулат

20-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 92

Ош шаарында эски борбордук базар жайгашкан аймакты көрктөндүрүп, заманбап эс алуу жайына айландыруу иштери башталды. Долбоор менен бүгүн шаар мэри Жанарбек Акаев коомчулукту тааныштырды.

Долбоорго ылайык, дээрлик 1 чакырымга созулган аймак жашылдандырылып, шаар тургундары жана коноктору сейилдеп, эс алуусу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Ошондой эле Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги 50 метрлик суу коргоо тилкеси сакталып, дарыянын жээгин тазалоо иштери улантылат.

Мындан тышкары, байыркы Оштун тарыхын, архитектурасын, маданий мурасын жана улуттук баалуулуктарын чагылдырган туристтик шаарча куруу пландалууда.

Мурда соода-сатыктын кызуу борбору болгон бул аймак эми тарыхый мурас менен заманбап шаар чөйрөсүн айкалыштырган эс алуу жайына айланат. Жаңы эс алуу багын келерки жылдын май айында ачуу пландалууда.

20-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 92
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X