"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Ошто гүл базары ачылат

Ош шаарында жаңы гүл базарынын курулушу кызуу жүрүп жатат.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, имарат С.Ибраимов атындагы Улуттук драма театрынын оң жагына курулууда. Учурда пайдубал иштери толугу менен аяктап, соода павильондорунун чатыры жабылды. Алдыда имарат айнек материал менен капталат.

Имарат жакында заманбап айнек материалдары менен капталат деп күтүлүүдө.

Жаңы базар сатуучулар жана сатып алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле шаардын борборундагы айлана-чөйрөнү жакшыртууга багытталган.