"Эркин-Тоо"

Ошто ири логистикалык борбор курулат

Ал 17 гектар аянтты ээлеп, Эркеч-Там — Ош — Өзбекстан жолунда жайгашат .Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, наркы 12 миллион долларды түзгөн объект Борбор Азияда негизги траснпорттук хаб болот. Бул жерде Кытайдан келген жүктөр жөндөлүп, башка өлкөлөргө, анын ичинде Россияга жөнөтүлөт. Ошондой эле борбор күнүнө 500-700 жүк ташуучу унааны тейлеп, 100дөн ашык жумуш орду түзүлөт деп күтүлүүдө. Андан тышкары, борбордун ишинен түшкөн кирешенин 30 пайызы Кыргызстандын бюджетине түшө турганы кошумчаланды.

Пример HTML-страницы