Ош шаарынын Шакиров көчөсүндө жайгашкан кафедеги өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
«Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен тилсиз жоодон коңшу жайгашкан имараттар, үйлөр сакталып калды», — деп айтылат маалыматта.
Жабыркагандар жана каза болгондор жок.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымдары такталууда.