"Эркин-Тоо"

Ошто курулуш компаниянын кызматкери тургунду сабап салды

Ош шаарында «Эмаком» курулуш компаниясынын кызматкери пикир келишпестиктен улам тургунду көтөрүп чаап, ал алган жаркатынан улам жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Ош ШИИББинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-майда саат 18:00 чамасында Ош шаарындагы «Эмаком» курулуш компаниясынын жаңы курулуп жаткан көп кабатуу үйдүн жанында аталган компаниянын өкүлү 2000-жылы туулган Б.Т. менен ошол көчөнүн жашоочусу Т. уулу Т. менен пикир келишпестик жаралган.

Натыйжада Б.Т. күч колдонулуп Т. уулу Т. ны көтөрүп чапканда ал денесинен оор жаракат алып, Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

«Окуя Ош ШИИБинин Ак-Буура милиция бөлүмүндө катталып, бейбаштык беренеси менен иш козголгон. Жабырлануучунун жараатынын аныктаган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен тергөө тарабынан кошумча беренелер коюлат», — деп айтылат маалыматта.

Окуя боюнча шектүү Б.Т. Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка кечээ киргизилди.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!