Миздүү нерседен жаракат алып, каза тапкан 30 жаштагы жаранды өлтүргөнгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБ боюнча МККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Н. Исанов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жашаган 1992-жылы туулган Д.И миздүү нерседен улам жараат алып, каза болуп калганы боюнча «102» кызматына дарыгерлер кабарлашкан.
Кылмыштын изи сууй электе кайгуул кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун тургуну 1994-жылы туулган Ж.Э. кармашып, тергөө кызматына өткөрүп беришкен.