"Эркин-Тоо"

Ошто Ооган согушунда курман болгон жоокерлер эскерилди

Бүгүн Ош шаарында Ооганстандан Советтик жоокерлердин чыгарылышынын 35 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү.

Иш-чара эстеликке гүл чамбарларды коюу менен башталып, Ооган согушунда баатырларча курман болгон жоокерлердин элесине куран окулду.

Эскерүү иш-чарасына Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов, коргоо министринин орун басары, Түштүк-Батыш оперативдүү командачылыгынын кол башчысы Алмазбек Карасартов, Россия Федерациясынын башкы консулдугунун өкүлдөрү, Ооган согушунун, аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери, курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты.

Белгилей кетсек, Ооганстандагы аскердик операциялар 1979-жылдан 1989-жылга чейин – дээрлик он жылга созулган. Учурда Ош шаарында 349 интернационалист жоокер жашайт.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!