"Эркин-Тоо"

Ошто опузалап акча талап кылган милиция кызматкерлеринин тобу аныкталды

Ошто опузалап акча талап кылган милициянын ыкчам кызматкерлеринин тобу аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык,  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери, башка кызматкерлердин тобунун курамында Ош шаарынын тургунунан 400 миң сом акча каражатын опузалап талап кылып жаткан жеринен кармалды.

Ош шаардык ИИБнин төрт ыкчам кызматкери милициянын капитаны Т.Б.Н., милициянын майору И.И.И., капитан Э.С.Э. жана майор Ж.у.Н. зордуктоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгойбуз деп коркутуп, Ош облусунун тургунунан 400 миң сом өлчөмүндө акча талап кылышкан.

25-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин алкагында, 100 миң сом алып жаткан жеринен ортомчу кармалып, андан соң Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын опер кызматкери, милициянын майору Ж.у.Н. кармалды.

Учурда кармалган Ж.у.Н. карата эки айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Бул кылмышка тиешеси бар дагы үч кызматкер учурда тергөөдөн жашырынып жүргөндүктөн, 28-сентябрда соттун чечими менен аларга карата сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, алар издөөгө алынды.

«Издөөдө жүргөн кызматкерлердин кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана алардын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча нөөмөт бөлүмүнө телефон: 0(3222) 7-32- 32; 4-86-14 аркылуу кайрылууну суранабыз», — деп айтылат маалыматта.\

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!