20-февраль күнү Ош шаардык казыятында калаадагы имамдарга жыйын өткөрүлүп, алдыда келе жаткан Рамазан айына карата даярдыктарды көрүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Ош шаарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков имамдарга орозо айын жогорку деңгээлде өткөрүү тапшырмасын берип жатып, «Рамазан айы — айлардын эң улугу. Жалпы мечиттерибизде таравих намаздарда Куран хатм окутууга аракет кылалы. Ошол хатмга чыга турган карыларды Курандын урматына сыйлап алалы», — деди.
Казы орун басары таравих намазын окууда орулууларды, кары-картаңдарды жана жаш балдарды да эске алып, намазды жамаатка карап окуу абзелдигин кошумчалады.