Ошто санитардык-эпидемиологиялык эрежелер күчөтүлөт

Бүгүн, 14-январда Ош шаардык мэриясында  коронавируска байланыштуу соңку абал талкууланды. Анда  вирустун «омикрон» түрүнүн жайылышынын алдын алуу үчүн санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди күчөтүү чечими кабыл алынып,  бир катар тапшырмалар берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, эл көп топтолгон коомдук жайларда, базарларда, мечиттердеги жума намаз маалында санитардык-эпидемиялогиялык талап-эрежелерди сактоо, эмдөөнүн зарылдыгын түшүндүрүү иштери  ыкчам жүргүзүлүп, дары-дармектердин запасы такталмакчы.

Вставка изображения в HTML код страницы

Альтернативный текст