"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Ошто «Шрам» каймана аты менен белгилүү болгон УКТ мүчөсү кармалды

Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш иштеринин алкагында Кытайдан келген инвесторлордун арызынын негизинде «Мухаммед Умар» спорт клубунан чыккан «Шрам», «Череп» деген каймана аттар менен белгилүү болгон А.у.А.нын аракеттерине бөгөт койду.

Белгиленгендей, ал кытайлык ишкерден алдамчылык жолу менен «Lexus GX 460» үлгүсүндөгү унааны алып, сатып жиберген. Ишкер унаасын кайтарып берүүнү талап кылганда, А.у.А. өзүн кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары тааныштырып, коркутуу жолу менен зомбулук көрсөтөрүн айткан. Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун башчылары — «Дженго» Камчыбек Досонов, «Казак» Жаныш Көлбаев жана Улукбек Маратов менен чогуу түшкөн сүрөттөрүн көрсөткөн.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында А.у.А. кармалып, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди.

Учурда анын башка кылмыштарга тиешеси бардыгы да иликтенип жатат. УКМК уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштү уланта берерин билдирди.