"Эркин-Тоо"

Ошто “Түштүк Экспо — 2023” эл аралык көргөзмөсү өтөт

Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Түштүк Экспо — 2023” эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөт. Иш-чара бүгүн, 18-сентябрда саат 09:30да ачылат. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Көргөзмөгө Орусия, Германия, Кытай, Иран, Беларусь, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Оман мамлекеттеринин бизнес жана дипломатиялык өкүлдөрү жана Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Чүй облустарынын жеке ишкерлери катышат.

Иш-чаранын максаты – ата мекендик компаниялардын продукциясынын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн рыногуна чыгышына көмөк көрсөтүү, экономиканын түрдүү тармактарындагы акыркы жетишкендиктерди көрсөтүү, мындан ары да өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү. Кыргызстандын аймактарынын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды  өнүктүрүү жана чыңдоо.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!