Ош шаарындагы Масалиев жана Раимбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 51 сотых жер тилкесин мамлекетке кайтаруу маселеси каралууда. Мындай тапшырма Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тарабынан тийиштүү кызматтарга таңкы рейд учурунда берилди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө бул жердин 2007-жылы менчиктештирилип кеткендиги аныкталган. Учурда анда дүкөндөр, коомдук тамактануучу жайлар жана башкалар орун алган.
Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы: «Аталган имараттар мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Давран Сабиров жана анын жакындарына тиешелүү экендиги айтылууда. Жергиликтүү тургундар курулуштардын кирип-чыгуу жолдорун жаап калгандыгын айтышып, маселени мыйзам чегинде карап чыгууну суранышкан», – деп билдирди.

