"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Ошто тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди

Бүгүн Ош шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата ата-бабалардын элесине таазим этип, мамлекеттик ишмерлердин эстеликтерине гүл коюлду.

Эскерүү иш-чарасына Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, легендарлуу парламенттин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери, шаар тургундары катышты.

Эскерүү иш-чарасынын алкагында «Өчпөс от» мемориалдык комплексинин жанына гүл коюлду.

Белгилей кетсек, 2017-жылдан бери 7-8-ноябрда өлкөдө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленет.